Каза болгон Бурулайдын атасы Коопсуздук кеңешинин катчысына жолукту

Акыркы кезде жарандардын укуктарына тиешелүү болгон маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу кайрылуулар көп кездешүүдө.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта мониторинг жүргүзүп, конкреттүү иштерди жүргүзүүдө.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакында Мамэкотехинспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева менен жолугушту. Ошондой эле темир жолдо коррупция фактылары тууралуу маалымдаган Алия Асанбаева менен жолугушуу өткөрүлдү.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы каза болгон Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугушту. Жолугушууда Турдали Кожоналиевге кызынын каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши боюнча конкреттүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул кылмыш иши сотко өткөрүлүп, сентябрдын башында териштирүүлөр башталат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жолугушууда Базар-Коргон мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Таалайбек Исаев мамлекет башчысына Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматынын мурдагы жетекчисине козголгон ишти жекече көзөмөлгө алууну өтүнгөн. Коопсуздук кеңеши кайрылууда айтылган жагдайларга юридикалык жактан баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2018-08-28 19:35:06
Укук коргоо органдарына кеткен бойдон жок болотда
+2
rysik79
2018-08-28 20:53:19
Жайы жанната болсун Бурулайдын. Башкасынын кереги да жоок ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан