Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Жайыл РИИБинин тергөөчүсү: "Сырттан кыздын катуу кыйкырганын угуп, бөлүмгө чуркап келдим"

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн, 22-ноябрда суракка чакырылган Жайыл РИИБинин 5 кызматкеринен төртөө келип сурак беришти. Ал эми кызматкерлердин биринин баласы ооруп жатканына байланыштуу келе албай калганы айтылды.

Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Гүлчоро Сабыров Бурулай бычакталган бөлмөнүн эшигин ачкан.

"Мен түнкү саат 12:00гө жакын жумушка келе жаткам. РИИБдин дарбазасынан кирсем эле эшикте Марстын досу, конвоир, дагы башка кызматкерлер турушкан экен. Мен ички иштер бөлүмүнүн эшигине 30 метрдей калганда кыздын кыйкырган үнү чыкты. Андан соң дагы катуу кыйкырык чыкты. Ичкериге кирип эле нөөмөттөгү кызматкерге жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө кыйкырык чыгып жатканын айттым да, эшикти тарткыладым. Эшик бек экен. Бир эки жолу тартсам, ачылган жок. Бир кезде катуу бир жолу тепкенде эшик ачылып кетти. Кирсек эле терезе жакта Бурулай, анын жанында Марс кан болуп жаткан экен. Ошондо терезе да сынганын байкадык. Менин оюмча, терезеге Бурулайдын башы катуу тийгенби, эмне болгон, айтор, сынык экен. Ошол учурда нөөмөттөгү кызматкер конвоирге "эч кимди киргизбе дебедим беле" деп кыйкырып урушуп жатканын уктум", - деди тергөөчү.

"Анан мен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлерине окуя тууралуу кабар бердим. Андан соң Марстын досун эшикте турган жеринен алып кирип, оозеки сурак ала баштадым. Досу болсо "эгер мындайды билсем, Марс мен келмек эмесмин деп сүйлөнүп жатты", - деди тергөөчү.

Ал эми Жайыл РИИБинин криминалдык милиция кызматкери Айбек Ормокеев Бурулайдын ата-энесине суук кабарды угузгандардын бири.

"Мен окуя болгон учурда РИИБде болгон эмесмин. Бизде ушундай окуя катталганын укканда эле дароо ооруканага бардык. Ал жерде Жайыл РИИБинин орун басары жана башка кызматкерлер жүрүшкөн экен. Бизге дарыгерлер кыздын өмүрүн сактай албай калгандыгын, Марстын абалы оор экенин билдиришти. Ошол учурда кыздын атасы Турдали аксакал жубайы менен ооруканага келди деп айтышты. Сыртка чыксам, Турдали ата, аялы жана дагы бир тууганы болуп турушуптур. Бурулайдын апасына кыз менен бала бир аз жаракат алышканынан улам ооруканага алып келгенибизди айтып жоошуттук. Ал эми кыздын атасына жаман кабарды угуздук", - деди Айбек Ормокеев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eli.91
2018-11-22 19:49:45
Менимче бул жерде 3 чу Адам бар,Кудай буйруса коросунор,бул чындык болуп чыгат,2да жайлап терезени сындырып чыгып кеткен,ал бала озу болсо ичинен кулучтомок эмес,демек бул жерде чоон сыр бар,ортодо келишим болгон,аны эчким козгобой жататда,бирок чындык бул чындык,бир кун болбосо бир кун албетте ачылат,Бул чындык.
0
asman.81
2018-11-22 19:51:39
Ооз жаза берсин Марска,башка кыз ала качкандарга да сабак болот.Бироонун чырактай кызын олтуруп салып кантип тынч уктап атты экен.Зордоп аял кылмак беле,кыйын болсо ошол кыздын журогун багындырса болот,кучко салып коркутпай.Ата,энесине сабыр !
+2
Nuri1988Elim2010
2018-11-22 20:56:39
Эх,эми оздорунун артын жапканга аракет кылып жатышатда.Аллахым жазанарды берсин ылайым.Ушул окуяны эстегенде кадимкидей журогум ооруп чыгат.
Бул ишти кылгандар дардандап журушотда.
Эгер алып качкан бала кылган болсо качан эле анын корсотмосуда чыкмак ачыкка.Баланыда эптеп жок кылыштын айласын издеп жатышкан чыгаар
0
33SUUN
2018-11-22 23:16:26
Бала тируу болсо эмне учун чындыкты айтпай журот? Учунчу адам бул экоону бычактап качып чыккан болсо? Чындыкты айткысы келбейби камалсын омур бою!
+2
Matahara1980
2018-11-23 07:17:08
Joo jomok atpagylachy tobo uchunchusu kachyp ketti terezeden dep adamdyn kulkusun keltiresinerda, yasno je bala ele olturdu , militsialar emnege jashyrmak ele any, tereze synsa alyshkanda ekoo synyp ketse kerek, kyz dele jon turup berbedi da karshylyk korsotso kerek, emi jazasyn alsyn po polnomu kara janyn jep tanbai, kylgylyktyy kylyp koup olumush bolboi
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан