Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү тараткан маалыматта айтылат.
Аталган жарлыкка ылайык, 234 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды, анын ичинде 26сы балдар.
Буга чейин президент Кыргыз жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө жана 1170 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.