Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын бири Кыргыз жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө жарлык. Анын ичинен 1406 - чоң адамдар жана 248 - балдар. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Экинчиси - 1170 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлык. Анын 934ү - чоң адамдар жана 236сы - балдар.