Панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиевдин мейманканада зордуктоодон качам деп терезеден секирип жиберген кызга тиешеси жок. Бул тууралуу иниси Нурлан Эралиев SUPER.KG'ге 14-августта кабарлады. Анын айтымында, бул көрө албаган адамдар тарабынан жасалган каралоо.
"Бул окуяга агамдын тиешеси жок. Кыз өзү деле беттешүүдө агамдын тиешеси жок экенин айтты. Кээ бир көрө албаган адамдар да бар экен, каралоого аракет кылып үй-бүлөбүздүн беделине шек келтирди. Айрым маалымат каражаттары да маалыматты туура эмес таратышкан", - деди Нурлан Эралиев.
3-август күнү 19 жаштагы кыз милицияга У.Э. аттуу адамдын үстүнөн арыз жазган. Жазган арызында ал адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин билдирген. Терезеден секирген учурда омурткасы сынып кетип, учурда ооруканада жатат.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазып чыгышкан.