Буга чейин "Бишкектеги "Алма" ири маркетинде текчеде жазылган баа менен кассадагы баа айырмаланып жатат" деген билдирүүсүн Александр Никсдорф аттуу керектөөчү билдирген эле. Анда ал аталган гипермаркеттен айран сатып алып, чектен баадагы айырмачылыктарды байкап калганын белгилеген.
Бул боюнча гипермаркеттин администраторуна кайрылганыбызда, керектөөчүнүн бул сынында негиз бар экенин айтты.
"Александр Никсдорфтун айткан сынынан кабарыбыз бар. Бизден кеткен катачылыктан улам ал тургундун алган товарын кайтарып алганбыз. Айрым учурларда кызматкерлер товардын баасын компьютерге туура эмес киргизип алышат. Кээде баасы өзгөргөн товарлардын текчедеги бааларын алмаштырганга жетишпей калабыз. Ошондуктан айрым учурларда текчедеги жана кассадагы суммада айырмачылык болуп калышы мүмкүн. Бирок мындай учурлар байма-бай катталат дегенден алысмын. Азыр бардык катачылыктар жоюлган", - деди ал.
Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн аныкташ үчүн, аталган ири маркеттен биз да айран сатып алып, бааларды салыштырып көрдүк. Айырмачылык болгон жок.
Ал эми Никсдорф өзүнүн билдирүүсүндө 2,5 пайыз майлуулуктагы айран алып, кассадан 3,2 пайыз майлуулуктагы айрандын баасын - кымбатыраак төлөгөнүн, биринчи ирет ага көз жумуп коюп, кийин дагы эле ушундай көрүнүшкө туш болгонун билдирген. Анын бул билдирүүсү интернетте талкууга алынган эле.