"Бишкектеги ири маркеттердин биринен товарга коюлган баа менен кассадагы баанын айырмачылыгын байкадым" дейт керектөөчү
"Бишкектеги "Алма" ири маркетинде текчеде жазылган баа менен кассадагы баа айырмаланып жатат" деген билдирүүсүн Александр Никсдорф аттуу керектөөчү билдирди.
Ал мындай айырмачылыкты сатып алуудан кийинки берилген чекке капысынан көз жүгүртүп калып, баамдаганын жазат.
"Чынар" соода борборундагы "Алма" ири маркетинен майлуулугу 2,5 пайыз болгон айран сатып алдым эле. Кассадан өткөргөн соң чекти карасам айрандын майлуулугу 3,2 пайыз болуп, баасы да кымбаттап калган. Муну кассада отурган кызга көрсөтсөм, ал таң калып администраторду чакырып келди. Администратор да таң калган түр көрсөтүп, баалар компьютерге киргизилип жатканда катачылык кетиши мүмкүн экендигин айтып, катачылыкты оңдойбуз деп сөз берип, "товардан баш тартты" деген кагаз толтуруп, айранды алып калышты.
Мен баадагы айырма акчаны эле кайтарып берет да, товар өзүмдө калат деп ойлогом. "Андай болбойт" деп айтышты. Бир нече күндөн кийин келип ошол эле айранды алып текшерип көрсөм, эч нерсе өзгөрбөптүр. Кардарларды алдоо дагы деле уланып жатыптыр", - дейт ал.