Сахалинде заводдун кыйраган чатырынын алдында калган эки Кыргыз жаранынын биринин жансыз денеси табылды

Орусиянын Сахалин облусундагы эски заводдун кыйраган чатырынын алдында калган эки Кыргыз жаранын издөө иши уланууда. Жергиликтүү ЖМКлардын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып жазганына караганда, биринин жансыз денеси имараттын экинчи кабатынан табылды. Бирок чоң көлөмдөгү бетондордун алдында калгандыктан азырынча чыгарып алууга мүмкүн болбой жатат.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 80ден ашык куткаруучу жана 20дай техника иштеп жатканы айтылды.

Кырсык 19-август күнү күндүзү болгон. Анда 10 Кыргыз жараны иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кетип бир Кыргыз жараны каза болуп, 5 адам жаракат алган. Эки жаран аман калган болсо, дагы эки адамдын абалы белгисиз болуп жаткан. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, биринин абалы өтө оор экендиги айтылган.

Факты боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилип баштаган.

Элчилик: "Сахалинде кулаган чатырдын алдында калып каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
patiydin
2018-08-20 10:35:28
Жаткан жери жайлуу болсун. Аллах бейиштен жер Бере кор.
+5
sinej
2018-08-20 10:49:52
Тенирим жалгап, арбагы ыраазы болсун. Кырсык болбосун.
-10
marat009
2018-08-20 12:07:55
Тез жардам деген элэ аты барго бул техникаларынын.Эртереек айыгып кетишсин,каза болгондордун жайы жаннатта болсун жакындарына сабыр тилейбиз
+1
talant87
2018-08-20 14:09:02
Аты жонун Ким экен
+2
monster_high_98
2018-08-20 15:38:31
Тируу эле чыксынчыыы калганы
0
emirchik
2018-08-20 20:31:35
Эмне дейбиз Айла жокта.Чет Олкодо Иштеген Кыргыздарга кайрылат Элем Жумушка кирерде эки жагын жакшылап байкагыла Стройка ото этият болгула Озбектер бар жерде иштебей эле койгула чыр чыгат.Иши Кылып Абайлагыла Алтындарым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан