Жайкы Азия оюндары: Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Сауд Арабия курамасынан жеңилип калды

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында волейбол боюнча мелдешке Кыргыз курама командасы Сауд Арабия курамасынан жеңилип калды.

Бүгүн, 20-августта Жакарта шаарындагы "GBK Tennis Indoor" аренасында волейбол боюнча мелдештин "А" тайпасында Кыргыз менен Сауд Арабиянын курамалары кез келишти.

Беттештин жүрүшүндө алгачкы партияда Сауд Арабиянын спортчулары 18:25 эсеби менен жеңишке жетсе, 2-партияда Кыргыз курамасы 25:20 эсеби менен утуп алышты. 3-партиянын жүрүшүндө Кыргыз курамасы атаандашына татыктуу каршылык көрсөткөнү менен 18:25 эсебинде жеңилип калды. 4-партияда Сауд Арабиянын волейболчулары дароо алдыга чыгып, Кыргыз курамасына эсепти тең кылууга дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада 17:25 эсеби катталып Сауд Арабия курамасы жеңишке жетти.

Эми Кыргыз курамасы кийинки турда Индонезия курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nur007mir009kg
2018-08-20 14:04:10
Оооой азаматтар чүүү дегенде эле жеңилип калдыңарбы
0
monster_high_98
2018-08-20 15:32:47
Индонезияны женебиз!
-2
Aigerim.95
2018-08-20 15:44:09
Волейболдон утабыз го деп ойлоп жатканда....... мейли эми киийнки оюндарга ийгилик каалайбыз.
-1
Dembele84
2018-08-20 17:30:46
Кучтуу оюнчулардын баары талаалап журот...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан