super.kg logo
«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Элчилик: "Сахалинде заводдун чатырынын алдында калып каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатат"

 

Сахалинде заводдун урап түшкөн чатырынын алдында калып каза болгон Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталбай жатканын SUPER.KG'ге 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, учурда анын жансыз денеси Поронайск районундагы өлүк сактоочу жайда сакталууда.

"Жаракат алган адамдардын аты-жөнү такталды. Ал эми каза болгон жарандын аты-жөнү тактала элек. Элчиликтин, Миграция кызматынын өкүлдөрү, ардактуу консул кырсык болгон аймакка кетишти", - деди Байымбетова.

Ошондой эле Байымбетова каза болгон жарандын туугандары да табылбай жатканын кошумчалады.

Кырсык 19-август күнү күндүзү Орусиянын Сахалин облусундагы Поронайск районунда болгон. Анда 10 Кыргыз жараны иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кетип бир Кыргыз жараны каза болуп, 5 адам жаракат алган. Эки жаран аман калган болсо, дагы эки адамдын абалы белгисиз болуп жаткан. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, биринин абалы өтө оор экендиги айтылган. 20-августта куткаруу иштери улантылып, уранды алдында калган жарандын биринин жансыз денеси табылып, бирок басып калган жүктүн көлөмү чоң болгондуктан чыгарып алуу кыйынчылык жаратып жатканы кабарланган.

Факты боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилип баштаган.



Элчилик: "Сахалинде кулаган чатырдын алдында калып каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатат"

Автор: Нуржанат Медетбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.08.2018. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
02-04-2015
Соӊку аракети:
25-10-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш элим ай кыйналдын го талаалап.Эмне мынча кордук коруп жатабыыз?Жараткан Алла,озун жардам бер биз кыргыз калкымаа.Айтууга созум калбай козумдон ый аралап жаш чыгат.Табылып калсын жакындары.Жаратканым откондорду оз мээримине алсынчы.Жайлары бейиштин гул бакчалары болсуун,
20.08.2018. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
19-11-2019 08:01
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россияда кишилер олуп кыйналып атса бул жерде депутаттар кресло алалбай убара тендер жарыялап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: