Бийликти басып алууга айыпталып камалган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтото элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG'ге "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат кабарлады.
"Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтото элек. Ал эми Жогорку Соттун чечимин бүгүнкү күнгө чейин алыша элек. Эгер 2-3 күндөн кийин деле соттун чечими барбаса талаптарын күчөтөрүн билдиришти", - деди Зульфия Марат.
Жогорку Сот Асанов менен Кадыровго чыгарылган соттун чечими жиберилдиби же жокпу, ошол маселени тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришкен.
16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканын айтып ачкачылык жарыялашкан.
2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.
Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.
2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.