Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков жарым финалга аттанды.
60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Каныбек Жолчубеков чейрек финалда кытайлык Валихан Саилайк менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Жолчубеков 0:1 эсеби менен утулуп келе жатып, эсепти 6:1ге айлантканга жетишти. Муну менен беттеш соңуна чыгып, Каныбек Жолчубеков жарым финалга жолдомо алды.
Айта кетсек, 67 килограммга чейинки салмак ченинде Амантур Исмаилов түштүк кореялык Руи Хансюдан жеңилип калып алтын медаль үчүн күрөштү токтотту. Кореялык балбан финалга аттанса Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.