Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Кырчын жайлоосуна кирип бара жаткан ар бир унаа текшерүүгө алынат.

"Урматтуу достор!

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан учурда Кырчын жайлоосуна конок катары же башка иштер менен келүүнү каалаган бардык жарандарга кайрылуу. Темир жана Семёнов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары тарабынан атайын токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, спирт ичимдиктерин сатууга толугу менен тыюу салынат. Өз кезегинде биз жергиликтүү калкка маалымдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аталган эреженин сакталышы үчүн ИИМдин Ысык-Көл облусундагы кызматкерлери, элдик ыктыярчылар менен биргеликте абалды көзөмөлгө алышат. Милиция кызматкерлери ар бир унааны текшеришет. Бардык конокторду бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Биз сиздер менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө биргеликте аракеттенели", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
titanik32
2018-08-25 07:57:10
Ааиий курал жарак текшергенсип ар бир машинени текшергени кандай.Чет мамлекеттен келгендерди текшерсе уят эле го арак ичимдик издеп жатабыз деп.Ичкиси келген адам ар канда жол менен алып өтүп кетсечи.Фанта кола минералка сууларга аралаштырып алып өтөт жакшы карагыла ар бир крышканы ачып көрүп ичип.
-1
Romantik.
2018-08-25 08:17:51
Туура,
Болбосо ичип алышып келжеңдеп дөң-сайды сүйлөп мушташып уят кылышпайт кээ бир эргулдар))
+1
fanatkg
2018-08-25 08:23:56
Токтом туура эмес кабыл алынган! Алкоголдук ичимдиктерди сатууга жана колдонууга деп кабыл алыш керек эле. Мисалы мен өзүм менен кошо ала барсам, эч кандай бул токтомго каршы иш кылган болбойм. Себеби, токтомго ылайык мен ал жерден сатып алган жокмун жана саткан жокмун...
-1
Rasul94
2018-08-25 09:56:10
Кымыз ичкиле андан коро
+2
titanik32
2018-08-25 11:19:04
ХХХХ барбайт экен көчмөндөр оюнуна,значить арак шарап сатылбайт жок экен да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан