Башкы прокуратура "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновго кылмыш ишин козгоду

Бүгүн Башкы прокуратура "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновду кылмыш жообуна тартуу үчүн тааныштыруу жөнөттү. Элмурат Обдуновдун 2009-2010-жылдары ОшМУда башкы эсепчи болуп иштеп жүргөн маалда мамлекетке 401 341 сом зыян алып келгени аныкталган. Ал Экономика жана куруу департаментинин мурунку директору менен бирге сабактан четтетилген студенттердин 136 355 сом өлчөмүндөгү контракттарын кайтартып алуу үчүн документтерди жасаган жана ОшМУнун мурунку ректору менен биргеликте сабактан четтетилген студенттердин 265 006 сом өлчөмүндөгү контракт акысын мыйзамсыз кайтарып берген. Ушул маалда Обдуновдун үстүнөн 171-берене (бирөөнүн карамагындагы буюмду коротуу же ээлөө), 304-берене (кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу), 315-беренеси (документтерди жасоо) менен кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан