Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча Кыргыз спортчусу Нурсултан Алымкулов күмүш медаль тагынды.
Бүгүн, 26-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча 2 салмак ченинде беттештер орун алды. Анда 77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Нурсултан Алымкулов катышып финалга чейин өттү. Финалда Кыргыз спортчусу казакстандык Руслан Исраилов менен кез келди. Кызуу беттештин жыйынтыгында 0:2 эсеби катталып казак спортчусу жеңишке жетти.
Муну менен Нурсултан Алымкулов Кыргыз капчыгында 5-күмүш медалды алып келди.