Жайкы Азия оюндары: Кыргыз спортчулар пенчак-силат боюнча мелдеште 2 медаль утуп алышты

Кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында пенчак-силат боюнча мелдештин коло медалдарын тагынышты.

Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында пенчак-силат боюнча мелдеш өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров катышты.

Жолдошбек Акимканов 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда пакистандык Умер Фарук менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Акимканов 5 упайга ээ болуп, 5:0 эсеби менен жеңишке жеткен. Жарым финалда Акимканов малайзиялык Жамари Аль-Жуффери менен кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды. Муну менен малайзиялык спортчу финалга чыкса, Жолдошбек Акимканов коло медалдын ээси болду.

Данияр Токуров 75 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Ал алгачкы беттеште пакистандык Раза Рана Алини утуп, жарым финалга аттанган. Жарым финалда Токуров вьетнамдык Тран Дин Нам менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында 0:5 эсеби катталып, жеңүүчү вьетнамдык спортчу болду.

Муну менен Кыргыз спортчулары коло медалдарды тагынып, Кыргыз капчыгында жалпы 16 медаль болду. Анын ичинде 2 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль бар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз спортчулар 17-орунду ээлеп келүүдө.

Маалымат үчүн: Пенчак-силат - Индонезиядагы байыркы уруш өнөрү. Анда бут жана кол менен сокку узатканга, түрдүү ыкма аркылуу жыгылтып, көтөрүп чабууга уруксат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2018-08-27 12:08:31
Азаматтар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан