КҮНСЕРЕП: 5 жыл убара - "Коопсуз шаар" дале жомок бойдон калууда

Бүгүн, 27-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан сынак жарыяланды. Муну менен Кыргыз өкмөтү коопсуз шаар курууга 5-ирет белсенип жатат. Сынак ушул жылы 4-сентябрда өтөт. Баштапкы баасы 2,5 миллиард сом бойдон калды. Жаӊылыштык 1 же 2 жолу болушу мүмкүн. Тендердин 4 жолу үзгүлтүккө учурашы "Коопсуз шаардын" ишке ашырылышына кайсы бир топ жол бербей жатат деген күмөндү күчөтөт. Ошону менен катар элге эң керектүү долбоорду эптей албай жатат деп өкмөткө сын жаратты.

Алгачкы тендер 2013-жылы өтүп, бирок сот тендерде мыйзам бузулду деп, жыйынтыгын жокко чыгарган. Экинчи тендер 2014-жылы өтүп, анда "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеӊүүчү деп табылат. Бирок ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев тендерде мыйзам бузулганын айтып, документке кол коюудан баш тартат. Ал эми Турганбаевдин орун басары, тендердик комиссиянын төрагасы Курсан Асанов тендер мыйзамдуу өттү деп чыккан. Министр менен анын орун басарынын тартышынан коопсуз шаар курулбай кала берген. 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү буга чейинки пландардан алдыга кетип, "Коопсуз шаарды" камтый турган "Акылдуу шаар" мега долбоорун ишке ашырмакчы болду. Ал үчүн кытайлык "Хуавей" менен келишим түзүп, бирок компания талаптарды убагында аткарган жок деп келишимден баш тартты. Ал эми быйыл Абылгазиевдин өкмөтү "Коопсуз шаар" бюджеттен 1 тыйын кетпей жеӊүүчү компаниянын эсебинен бүтө турганын, алгачкы камералар Бишкекке ушул күздө коюлуп баштаарын жар салган. Сынак жарыяланып, жеӊүүчү быйыл 10-августта тандалмак. Бирок ушул күнү "тендердик документтерге өзгөртүү киргени үчүн" деп жеӊүүчү тандоо 23-августка жылдырылды. Ал эми 23-августта "техникалык катачылыктардан" улам деп жеӊүүчү аныкталбай калды. Катышуучу "Мегалайн" компаниясы баштапкы баадан эселеген көп сумманы - 50 миллиард сом сунуштаган болуп чыккан соң, калган эки компаниянын сунуштары ачылбай калды. Өкмөт бул катачылык үчүн жоопкер деп кимдир-бирөөнүн атын атаган жок. Жөн гана кийинки тендерге өтүп кеттик. Жыл сайын жаӊы инвестор, бирден тендер, натыйжа - нөл.

2,5 миллиард сом - азыркы тапта 37 миллион долларга жакын акча. 2014-жылдан бери Кыргыз өлкөсү 3-жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөнү жатат. Үчөөнүн жалпы бюджети - 3,5 миллиард сомду чапчыйт. Бул акчага өкмөт инвесторсуз эле Бишкекти эбак "коопсуз шаарга" айланта алмак. Өлкөдө күнүнө орто эсеп менен 3 адам жол кырсыгынан каза болсо, шаарда ондогон башка кылмыштар катталат. Оюнга табылган акча адамдардын өмүрүн сактоого, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга табылбайбы?

Эксперт Азамат Аттокуров "Коопсуз шаарды" ишке ашырууга укук коргоо органдары кызыкдар эмес, анткени долбоор иштей баштаса тармактагы коррупциялык каналдар буулат дейт. Премьер Абылгазиевдин эсеби боюнча "Коопсуз шаар" 2018-жылы пилоттук режимде ишин башташы керек эле. Жакында соӊку тендер боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров аукциондун үзгүлтүккө учурашы менен 2019-жылга пландалып жаткан долбоорду ишке киргизүү белгисиз мөөнөткө жылдырылат деди. Малайзия, Сингапурга эмес, коӊшуларга эле көз жүгүртөлү. Өзбекстан "Коопсуз шаарга" 2017-жылы киришип, азыркы тапта Ташкенттин 120 көчө кесилишинде видеокамералар иштеп жатат. Тажикстан долбоорду 7 айда ишке ашырган. Казакстанда долбоор мындан 12 жыл мурун старт алып, коӊшу өлкө жылдан жылга "коопсуз шаарларынын" санын көбөйтүүдө. Ал эми Бишкектин 38 көчө кесилишине, өлкөнүн негизги 3 трассасына камера орнотуу 5 жылдан бери бардык өкмөттүн программасына кирип, ишке ашпай келе жатат...

Президент Сооронбай Жээнбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын мурдагы пресс-катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырды. Мамбеталиева расмий түрдө арыз жазып, колунда бар материалдарды өткөрүп бере турган болду.

Өткөн аптада Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшүү аракети үчүн кызматтан мыйзамсыз бошотулганын, куугунтук көрүп жатканын айтып коомчулукка кайрылган. Ал "коррупцияга аралашкан" деп Экотехинспекциянын 3 кызматкеринин аты-жөнүн атап, аларга чара көрүүнү суранууда. Алдыда бул 3 кызматкердин коррупционер экенин далилдөө иши турат.

Бүгүн мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Алия Асанбаева аттуу кызматкери да президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, андан коррупцияга каршы күрөштө колдоо сурады. Кызматкер буга чейин өзү иштеген жердеги коррупция боюнча ачык билдирүү жасаганы үчүн жетекчилик тарабынан кысымга алынып жатканын айтат. Асанбаева "Кыргыз темир жолунун" жетекчилиги жарандардан пара алып, аларды поезд каттамдарына билети жок эле отургузуп жатканын айтууда. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" коррупцияга белчесинен батып калганын, билеттерди ишкананын жетекчисине караштуу гана компаниялар сатып жатканын айтып келет. Бирок ишкана жетекчиси ордунан козголо элек. Акаевдин айтымында, аны парламенттеги фракциялардын биринин лидери калкалап жатат. Ушинтип кызматкерлер кайра-кайра ачык кайрылуу жасап, чара көрүүнү суранып чыккан соӊ гана Коопсуздук кеӊешинин кыймылга келиши жакшы көрүнүш эмес. Бардык тармакта коррупциянын алдын алуу, тазалоо 27 жылдан бери күн сайын жасала турган иш эле...

Жөө күлүк Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында Кыргызга 2-алтын медалды алып келди. 10 миӊ метр аралыкты Маслова 32 мүнөт 7,23 секундда чуркап өтүп, 9 спортчунун ичинен биринчи келди. Бул оюндарда Кыргызга биринчи алтынды жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу утуп берген. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 45 өлкөнүн ичинен 18-орунда келе жатат. Мамлекет тарабынан такай жетиштүү каржылык, идеологиялык колдоо болуп турбаганына карабай спортчулардын ушундай жыйынтыктарды көрсөтүүсү, албетте, кубана турган көрүнүш...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан