"Коопсуз шаар" боюнча сынак кайра жарыяланып, датасы белгилүү болду

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталына таянсак, сынак 4-сентябрда өтөт.

Маалым болгондой, баштапкы баасы 2,5 миллиард сом бойдон калды. Жеңүүчү Бишкектеги жолдорду жана бир нече көчө кесилиштеринде видеобайкоочу камераларды орнотуш керек.

Буга чейин 23-августта "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны аукцион жолу менен аныктоо үзгүлтүккө учураган. Анда долбоорду ишке ашыруу сунушу үч компаниядан түшкөн: эки жергиликтүү ("Мега-Лайн" жана "Кыргызтелеком") жана орусиялык "Вега" компаниясы. "Мега-Лайн" аталган долбоор үчүн 50 миллиард сомдон ашуун каражат сунуштаганы көрсөтүлүп калган. Бул сумма мамлекет койгон старттык баадан, башкача айтканда, 2,5 миллиард сомдон жыйырма эсе көп болгондуктан, бул жагдайды тендердик комиссиянын төрагасы толук түшүндүрө алган жок. Ал эми "Вега" менен "Кыргызтелекомдун" сунуштары көрсөтүлбөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sarah88
2018-08-27 14:28:05
koyuksa bolot ele eldi kyinabai
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан