Президент Сооронбай Жээнбеков Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 25-августта президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен жолугушкан.
"Кечээ Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери президенттин тапшырмасынын негизинде Анара Мамбеталиева менен сүйлөшүү өткөрүштү. Ал айтып жаткан коррупцияга байланыштуу билдирүүдөн жыйынтык чыгаруу үчүн анын өзүнөн расмий арыз керек. Коопсуздук кеңеши мурдагы басма сөз катчыга расмий арыз менен кайрылууну сунуштап, материалдарды берүүнү айткан. Мамбеталиева келе жаткан жума расмий арыз жазууга жана коррупциялык иштер боюнча материалдарды берүүгө макулдугун билдирди", -деди Стамалиева.
Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.
Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.