Бүгүн, 28-августта Майлуу-Сууда токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилди. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева эки колунан ажыраган жоокерге жасалма кол салып бериле турганын SUPER.KG'ге кабарлады. Жасалма кол анын өз алдынча болуусуна жардам берет.
"Бир колуна жасалма кол салып берүү боюнча сүйлөшүп койдук. Ал эми экинчи колуна салып берүүнү учурда сүйлөшүп жатабыз. Жасалма кол Түштүк Кореядан даярдалып келип, Бишкектеги менчик клиникалардын бири тарабынан салынат. Ал жасалма колдун манжалары кыймылга келип, адамдын өз алдынча болуусуна жардам берет", - деди Жарашева.
Ошондой эле басма сөз катчы жоокерге Башкы штаб тарабынан кенемте төлөнүп бериле турганын кошумчалады. "Учурда кырсык Аскер прокуратурасы тарабынан иликтенип жатат. Анын жыйынтыгына жараша жоокерге кенемте төлөп беребиз. Бирок төлөнүп берилчү акчанын суммасы азырынча белгисиз. Андан сырткары биз бир күндүк айлыгыбызды которуп берүү боюнча сүйлөштүк", - деди басма сөз катчы.
22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.
Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.