Бүгүн, 29-августта Талас районунун жашоочусу "Элдик кабарга" кайрылып август айы үчүн жөлөк пул ала электигин маалымдаган. Ал почтадан "Акчанын кечигүүсүнө каражат Көчмөндөр оюндарына которулуп кеткен" деген жоопту укканын айткан.
Тургундун мындай маалыматын "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Талас райондук бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Дуйшембиев четке какты. Өз кезинде Дуйшембиев август айына жөлөк пул бериле электигин ырастап, бирок почта кызматкери "Акча Көчмөндөр оюндарына которулуп кеткен" деп айтышы мүмкүн эместигин билдирди.
"Бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен акча которула элек. Чынында жөлөк пулдун кечигип жатканы тууралуу күн сайын көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Баарына жооп берип жатабыз. Бирок почта кызматкерлери "Акча Көчмөндөр оюндарына которулган" деп айткан эмес. Муну жөлөк пул алгандар өздөрү божомолдоп, бири-бирине айтып жатып, кеп тарап кеткен болушу мүмкүн. Буга чейин жөлөк пул министрликтен которулары менен дароо берилчү. Азыркы абалга почта кызматынын эч кандай тиешеси жок", - деди Дуйшембиев.
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пулдун кечиктирилүүсү министрликтин ички структурасынын өзгөртүлүп жатканы менен байланыштуу экенин билдирди.
"Учурда айрым шаарлардагы тургундар август айынын жөлөк пулун ала элек. Анткени шаар башкармалыктары менен район башкармалыктарын бириктирип кайрадан түзүү иштери жүрүп жатат. Мунун негизинде министрликтин аймактардагы кызматкерлери кыскартылат. Документтерди кайрадан каттоо, ички структураны өзгөртүүгө байланыштуу акча которула элек, бирок бир апта ичинде бардык ата-эне жөлөк пулду колуна алат.
Акча бар, болгону документтер бүтө элек. Муну Көчмөндөр оюндарына байланыштырууга болбойт, коомчулукта туура эмес маалымат тараган", - деди министрликтин маалымат катчысы.