Бүгүн, 29-августта Талас районунда жашаган эне "Элдик кабарга" кайрылып, август айы үчүн баласына жөлөк пул ала албагандыгын билдирди.
"Мен почтага акча алуу үчүн барсам "каражаттын баары Көчмөндөр оюнуна которулду, акча жок" деп айтышты. Ошол жердегилердин баары бул жоопту жактырган жокпуз. Өзүм жалгыз бой энемин, тынымсыз чуркап жүрүп балама жөлөк пул чыгарткам. Эми ар кандай шылтоолорду айтып жатышат", - деди ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.