Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда белгилүү аймактарда тамеки чегүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасына ылайык, министрлик атайын иш-чаралардын планын түзгөн. Анда оюндардын катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүрүп, ал эми тамеки чегүүгө тыюу салынган жерлерге маалымат баракчалары жана "тамеки чегүүгө болбойт" деген белгилер коюлат.
Тыюу салынган жерлерде тамеки чеккен жарандар административдик жоопко тартылат.
Айта кетсек, буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда Кырчын жайлоосунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө жана сатууга тыюу салынган.