"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка учураган унаанын айдоочусу сот залында камакка алынды. Мындай маалыматты бүгүн, 30-августта маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Ысык-Көл райондук прокуратурасынын келтирген өтүнүчү менен айыпталуучу сот залында камакка алынды. Кийинки соттук отурум 7-сентябрда өтөт. Айыпталуучу сотто кырсыкка кабылып, анын натыйжасында кызым каза болуп калганын моюнга алганы менен, ичимдик ичкенин азырынча моюнга албай жатат", - деди Мамбеталиева.
Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.