
Президенттин жарлыгына ылайык маркум журналист
Уланбек Эгизбаевге "Эрдик" медалы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков "Азаттык Медианын" журналисти маркум Уланбек Эгизбаевге "коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы" үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Эске салсак, 22-июль күнү Уланбек Эгизбаев Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун" пансионатында эс алып жаткан учурунда сууга чөгүп
каза болгон.