Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин атынан “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Коомдук фонд Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргыз мамлекетиндеги иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү журналисттик демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды, дискуссияларды уюштурат.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгын негиздейт. Бул сыйлык журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Уланбек Эгизбаев 22-июль күнү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун" пансионатында эс алып жаткан учурунда сууга чөгүп каза болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirkaa5182
2018-08-31 13:36:13
Жакшы жаңылык экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан