Жайкы Азия оюндары: Мушкер Азат Үсөналиев коло медаль тагынып, өлкө капчыгына 20-медалды алып келди

Мушкер Азат Үсөналиев Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Кыргыз мушкери буга чейин 52 килограмм салмак категориясында беттешип, финалга чыгуу үчүн Азиянын учурдагы чемпиону, өзбекстандык Жасурбек Латипов менен кез келди. Тилекке каршы, ал жеңилип, 18-Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду. Муну менен Азат Үсөналиев өлкө капчыгына 20-медалды алып келди.

Буга чейин Азат Үсөналиев Лаос, Пакистан жана түндүк кореялык атаандаштарын катары менен 5:0 эсебинде жеңип, мелдештин жарым финалына чыккан. Жарым финалда Жасурбек Латиповду жеңсе, алтын медаль үчүн беттешери, ал эми жеңилип калса коло медалга ээ болору белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tulpar90
2018-08-31 15:34:34
Куттуктаймын .
+1
tulpar90
2018-08-31 15:35:10
Спортчуларыбыз медаль уткан сайын,өкмөт бармагын тиштеп жатса керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан