Кырчын жайлоосунда дааратканаларда кезек күтүү бир сааттан ашык созулууда

Бүгүн, 3-сентябрда Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган Этнофестивалдын ачылышы орун алууда. Бүгүн жайлоого чет элдик коноктор да келе баштаган.

Учурда жайлоодогу ажатканаларга кезек күтүү көп убакытка созулуп жатканын SUPER.KG'нин жериндеги кабарчысы билдирди. Анда ар бир дааратканага аз дегенде 70-80ден киши кезек күтүп турат. Кезек күтүү 1 сааттан ашык убакытты алып жатат.

Буга чейин жайлоого орнотула турган дааратканалар үчүн 2 миллион 300 миң сом каражат бөлүнгөнү маалымдалган. Коомчулук ажатканага бөлүнгөн сумманы сынга алган эле. Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 5 орундуу контейнер тибиндеги 8 даараткана жана бир орундуу жыгачтан 20 даараткана орнотула турганын маалымдаган. 5 орундуу дааратканалардын ар бири бардык чыгымдарды эсепке алганда 287 миң 718 сомду түзгөн. Ал эми бир орундуу 20 дааратканага 375 миң 600 сом сарпталган.

Андан кийин курулган дааратканалардын булганыч абалынын сүрөтү жарыяланып коомчулук анда даарат кагаз, самын, абаны жыттандыргычтар жок экенин айтышкан. Оюндун уюштуруучулар тобу эл өзү ажаткананы булгап жатканын айтып, андагы тургундарды тазалыкка чакырган. Ошондой эле уюштуруучулар абал бүгүнкүгө чейин жөнгө салынарын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tnz
2018-09-03 15:07:14
дагы сындагыла ошол 28 тоолет да жетпей калыптырго ошондуктан ойлонуп туруп анан сындаш керек болчу.
0
nurhan2702
2018-09-03 18:04:39
tnz,кантип эле ошончо чыгым кетсин деп сындалган .Чынында жонокой туалетке эле 2миллиондон ашуун сомго курулсун .Жеп жутарлар ушул жерде да сол чонтокко салышты да
0
tnz
2018-09-03 18:11:01
nurhan2702,ал жерде ар бир контейнер 2 мин доллардан бул деген озу эле бир миллиондон ашып тушот ал жака суу тутукторун жеткиру саркынды сууну чыгаруу ошолордун баарын эске алыш керек мен аларды актаган жерим жок бирок ошолордун баарын эске алуу зарыл
+1
tnz
2018-09-03 15:08:19
же очеред учун да бироону куноологуло эми
+1
Erik2018
2018-09-03 15:19:05
Албетте көчмөндөр оюндарына коноктор көп келсе ошондой болот. Мындан саясат издебей койсок болмок
+2
nazi25
2018-09-03 15:20:50
Кабар келе элек барыш керек экен да очередьке)
+2
RusMos76
2018-09-03 15:24:57
Жайлоонун абасына чыдашпай чычкактап калышса керек да.
+4
Dembele84
2018-09-03 15:27:00
Дагы алып келдирсин эми уят болбой,жыгач эмес каучуктан бар го арзан эле турат.)))))
0
Muslim_KGstana.
2018-09-03 15:51:18
Арчанын тубуно чуркагыла эми)))
-1
Beks.Kasymov
2018-09-03 16:00:51
ХХХХХХХХ ХХХХХХ очереть жетки чейин ))
-1
admin_superstan
2018-09-03 17:09:47
Beks.Kasymov, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Rasul94
2018-09-03 16:10:52
Кырчын жайлоосу эмики жылы аябай от болсо керек. быйыл живой селитра деп атат
+3
bekov01
2018-09-03 17:21:08
Дагы алып барып коюш керек арзанынан болсо дагы. Банк болсого кутуп тура беришет еле анан тиги жак башкада
-1
Crystal
2018-09-03 18:16:34
Ичи ооруп калгандар кантет экен аябай кыйналатко кыргыздарга живой селитра берем деп
-1
tnz
2018-09-03 18:16:47
бул жерде талкуу каттуу го я.
-1
Erik2018
2018-09-03 18:24:49
Элдин бааы көчүп барса кезек күтүү көп болот да.
-1
Parish
2018-09-03 19:43:03
Кезекке жетпей калып,булгап алгандар да болсо керек.
+1
toktor89
2018-09-03 20:38:10
1000 туалет да аздык кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан