Кырчын жайлоосундагы жаңы дааратканалардын абалы кызуу талкуу жаратууда
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна курулган дааратканалардын абалы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратууда.
Интернет колдонуучулары дааратканалардын азыркы таптагы мышык ыйлай турган абалын сүрөткө тартып, жарыялаган. Сүрөттөрдөн жаңы курулган даараткананын ичинде булганган кагаздардын, желим бөтөлкөлөрдүн башаламан ташталганын көрүүгө болот. Алтургай даараткананын полуна төшөлгөн линелиум кагазы эмитен сыйрылып, жаңы ажатканадай көрүнбөйт. Дагы бир маселе - даараткананын ичине кагаздар, кол жууганга самын жана абаны жыттандыргычтар коюлган эмес.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата дааратканаларды жасап, орноткон. Бул иштин жалпы баасы 2 миллион 301 миң 700 сомго бааланган. 5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы бардык чыгымдарды эсепке алганда 287 миң 718 сомду түзгөн. Ошондой эле кошумча жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулары айтылган.