Интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан Кырчын жайлоосундагы дааратканалардын абалы тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучу тобунун өкүлү Бегайым Чокоева буларды айтып берди.
"Дааратканаларды булгап жаткандар - өзүбүздүн эле жарандар. Кырчында жүргөн ар бир киши өзүнүн үйүндөгүдөй тазалыкты сактаса, ажаткананын абалы мындай болмок эмес. Ал эми таштанды салуучу челектер бар болсо дагы салбагандар бар. Саналуу күндөрдөн кийин оюндар башталат. Ага чейин дааратканалар тазаланып, керектүү каражаттар - даарат кагазы, самын жана аба жыттандыргыч сөзсүз коюлат. Ажатканаларды тазалоого жумушчулар дайындалган. Алар күндө маал-маалы менен тазалоо иштерин жүргүзүп турат. Сүрөткө тарткан адам даараткана тазалана электе барган окшойт. Учурда бардык ажатканалар иштеген жок. Бир нечеси жабык, таза бойдон турат. 3-сентябрдан баштап бардык дааратканалар ачылат жана жумушчулар дагы күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт", - дейт Чокоева.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Кырчын жайлоосундагы дааратканалардын ичиндеги көрүнүштү сүрөткө тартып, жарыялаган.