"Журналисттерге гимнди ырдап бергениме абдан өкүнүп жатам", - деп SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев айтты.
"Эч ким менен урушкум келбейт. Менден маек алган журналисттер ушинтип көрсөтүп коюшуптур. Мени ыңгайсыз абалга калтыргысы келип жатат. Мен кийин дагы интервью берем. Азыр мен жөнүндө ар жактан шыбап жатышат. Мындай кара пиар - бул деле пиар. Эмне кылыш керек, жашоо ушундай экен", - деди депутат.
Айта кетсек, бүгүн, 4-сентябрда депутат Пархат Тулендыбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдап берген.