Ысык-Көлгө 23-июлда чөгүп кеткен юрист Александр Стручалиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун жансыз денесин 4-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун тургундары кечке маал көл жээгинен таап алышкан.
Эскерте кетсек, 23-июль күнү аталган райондогу “Натали” пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери башталган. Ал эми 30-июлда издөө иштери маркумдун жакындарынын демилгеси менен токтотулган.
Маалым болгондой, Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштеп, азыркы экономика министри Олег Панкратов 2016-жылы вице-премьер-министр болуп турганда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, Стручалин сууга келинчегинин курбусун куткарам деп жатып чөгүп кеткен. Анын артында 3 баласы калган.