Жети-Өгүздө сууга чөгүп кеткен 42 жаштагы юристти издөө иштери уланууда

Үч күн мурун Жети-Өгүз районунда сууга чөгүп кеткен 42 жаштагы юрист Александр Стручалин дале табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 25-июль күнү да издөө иштери аткарылып, бирок натыйжа болгон эмес.

"Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 20:40та убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 26-июлда да иш улантылып жатат, азырынча табыла элек, - деп билдиришти ӨКМдан.

23-июль күнү аталган райондогу “Натали” пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери башталган.

Маалым болгондой, Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштеп, азыркы экономика министри Олег Панкратов 2016-жылы вице-премьер-министр болуп турганда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, Стручалин сууга келинчегинин курбусун куткарам деп жатып чөгүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан