ЭЛДИК КАБАР: "Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калды" дейт окурман

Кыргыз жигити Москвада күйүп жаткан батирден улгайган аялды куткарып калды. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ, 4-сентябрда болгон. Москва шаарындагы "Тверская" метросундагы көп кабаттуу үйдөгү батирдин биринен жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөр чамасында өрт чыккан.

"Биз ошол метродо гүл эгип иштейбиз. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин батирдин ичинде калган адам күйүп кетиши мүмкүн эле. Бирок мекендешибиз Азамат Мамажакыпов эрдик кылып, батирге кирип улгайган аялды алып чыкты", - деген окурман.

Андан кийин бул маалыматты "Элдик кабарга" башка да окурмандар билдирди. Нурмат Топчубай уулу аттуу жигит да батирдеги өрттү өчүрүүгө жардамдашканын, Азаматтын орус жаранын өрттөн куткарып чыкканына күбө болгонун белгилеген.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кыргыз жигити Орусияда улгайган аялды өрттөн куткарды (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tolkun555
2018-09-05 09:14:57
Азамат.эми ушуну орусиялык маалымат каражаттары айтаар бекен.же только жаман жагыбызды эле айтабы
+10
almanbetperm
2018-09-05 10:51:03
Tolkun555,кече тундо окугам орустардын ММКларынан, Азамат жонундо бирда соз жок
0
ekaterinburg
2018-09-05 09:19:39
Мындай кабарлар билинбееееейт..."Тигиндей"кабарларды жакшы кабарлашат окелер.
+11
Siren.ms
2018-09-05 09:31:57
Кыргыздар жалан пайдалуу эле иш кылышат кайерде болсо да кечээки милицияны аттын дегенда калп экенго ал милиция ошол Куну акыркы Кун иштеп жаткан экен увальненияга жазган экен бул да жон жайдан эместа Аны оздору козун тазалап каллегалары делону жабыш учун Адам керек болгон буларга проста бул кыргыз киши кичине масыраак болгон баарына мойнуна койупда койушат бул акмактар жакшыраак адвокат жалдап мойнуна албаш керек акылга сыйбайт ал киши аткан эмес Бир тараптуу ушул теманы козгоп интернеттен та
+5
Siren.ms
2018-09-05 09:35:23
Таратыш керек карга карганын козун чукубайт Дейт оздору прекрасно билип эле турущатда подстава болуп жатканын аракет кылбаса камалып кетет жок дегенде интернет аркылуу болсода чындыкты айтып поддержка бериш керек орусча жазып таратыш керек подстава болуп жатканын пусть орустар билсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан