Эрдоган: "ФЕТӨ уюму Кыргыз өлкөсүндө олуттуу деңгээлде иштеп жатат"

"ФЕТӨ уюму Кыргыз өлкөсүндө олуттуу деңгээлде иштеп жатат". Мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк журналисттерине Кыргыз жеринен кайтып бараткан учурда учакта билдиргенин түрк маалымат каражаттары жазышты.

"Гүленчилер Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик институттар, аскердик мекемелер баш болгон бир нече мамлекеттик кызмат орундарында отурушат. Алардан айрым кыргыз саясатчылары да коркушат. Биз кыргыз бийлигине гүленчилер бир гана Түркия үчүн эмес, ФЕТӨ уюму ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык өлкөлөр үчүн кооптуу экенин түшүндүрдүк. Бул уюмдун аракеттерине токтоосуз бөгөт коюлушу керек", - деди Эрдоган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан