Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө 28 жаштагы жаранды бычактап кеткендер кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Кулиев көчөсүндө 3-сентябрь күнү саат 11:30 чамасында орун алган. Анда 28 жаштагы Бекзат.Ж. аттуу Сузак районунун тургунун такси күтүп турган жеринен 3 жаран келип бычактап кеткен. Оор жаракаттан улам жабырлануучу окуя болгон жерден каза болуп калган.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери кызуу жүрүүдө", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Айта кетсек, кечээ маркумдун таякеси окуянын чоо-жайын айтып берүү үчүн байланышып, жээни ИИМ Академиясын аяктап, учурда Орусиядан унаа алып келип, сатып ишкердик менен алектенип жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жээни ага бычак сайгандардын бири менен тааныш болгон.