"Саляновдун өлүмүнө шектүү ур-токмокко алынган эмес. Ал сот отурумуна судьянын катчысынын катачылыгынан улам келбей калды" дейт жактоочусу

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү Эрмек Осмонкулов ур-токмокко алынган жок. Ал сот отурумуна судьянын катчысынын катачылыгынан улам келбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG`ге айыпталуучу Осмонкуловдун жактоочусу Курманбек Абдраимов билдирди.

"Мен бир айдан бери Э.Осмонкуловдун жактоочусумун. Бүгүн ал соттук отурумга келбей калгандыктан "ал ур-токмокко алынып жатат, бети көк ала, ошол себептен келген жок" деген сөздөр чыкты. Мен сот иши жылдырылгандан кийин УКМКнын СИЗОсуна барып аны менен жолугуп келдим. Анын денесинде көк ала тактар жок, бирөө сабап жатабы, кыйноолор болдубу деп такып сурадым. Эрмек андай нерселер болбогондугун жана эч кандай доосу жок экенин айтты.

Ал ишти карап жаткан судьянын жаңы келген катчысынын катачылыгынан улам отурумга келбей калганын кийин аныктадык. Соттун катчысы айыпталуучу СИЗО-1де деп конвоирлерге туура эмес маалымат берген. Ал эми Осмонкулов УКМКнын тергөө абагында болчу", - дейт К.Абдраимов.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок соттолуучу алып келинбегендиктен соттук отурум башка күнгө жылдырылган. Соттук отурумга келгендер айыпталуучу ур-токмокко алынып, бети көк ала болгондуктан келбей калганын айтып чыгышкан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан