Ошто 4-кабаттан ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин окуядан бир нече саат мурун да бийиктиктен секирүүгө аракет кылган

Ошто көп кабаттуу жатаканадан ымыркайы менен боюн таштаган келин окуяга чейин бир нече саат мурун да баласы менен бийиктиктен секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Күбөлөрдүн айтымында, кечээ ымыркайы менен кошо боюн таштаган келин окуяга чейин да өз өмүрүн кыюуга аракеттенген. Анда ал ошол эле күнү башка көп кабаттуу үйдөн ымыркайы менен кошо секиргенге аракет кылган. Бирок аны адамдар көрүп калып, токтотушкан. Андан кийин келин эжеси жашаган батирге келип, сыра ичкен. Сыра түгөнгөндө эжесинин кызын дүкөнгө жиберип, ошол учурда ымыркайын көтөрүп чыгып, төртүнчү кабаттан секирип кеткен. Учурда эне-бала ооруканада, бул факт боюнча иликтөө иштери улантылып жатат", - дейт Сыдыков.

Эске салсак, кечээ 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
asman.81
2018-09-07 18:22:52
Ымыркайда не куноо,олгусу келсе озу оло бербейби.Баланы кошо алып секирбей
+8
asman.81
2018-09-07 18:40:29
Ажырашса деле чыкыйып 5-6 дан балдарын багып жургон,кыргыздын келиндери толуп атат.Турмуштун кичине кыйынчылыгына чыдабай ичкилип ичип,ал аз келгенсип секирип кеткен келинге акылынын жоктугунан кабар берет.Балага боорум ооруду,кичинекей бобокто эмне куноо?
+12
Nurkyz1977
2018-09-07 19:36:01
Илгерки апаларыбыздын жашоосуна караганда азыркы жашоо эн сонун. Эшектин жугу женил болсо жатак болот дегендей болуп жатат. Кыйналганда жашоого нааразы болгондо эмне арак ичип этаждан секирип кетиш керекпи? Мурун алты саны аман кезинде куйоосуно кереги жок болгон болсо эми минтип жатып калды,жон жерден озун,балдарын,ата энесин кыйнады бул акылсыздык. Андан кору битке очошуп койногун отко салбай белин бекем бууп балдарын бакпайбы. Балдары учун бул жашоону суйуп жашабайбы,озу деле кырк жашта экен
+10
mir85
2018-09-07 19:54:00
Күйөөсүндө да күнөө бар. Ушуга жеткирген да. Дайыма аялдар күнөөлүү болуп кала берет. Эркектен да кошо сурак алыш керек. Мындай оор чечимге жыргал жашоодон барбайт.
-2
Karagay
2018-09-07 20:21:42
Балада не куно балада не куно айткылачы балада не куно? Олгун келсе озун оло бербейсинби балада не куно балада не куно?
+11
mirlanpiter
2018-09-07 20:32:05
Эми анык эч кимге кереги жок болду бул көк мээ келиндин, балага өмүр берсин Кудай
+5
Rifle_I
2018-09-08 10:44:07
Урматтуу комментаторлор, төрөттөн кийин кээ бир кыздарда, аялдарда "послеродовая депрессия" болушу мүмкүн . Ошол себептен күнөөлөгөндөн алыс болуп, туура түшүнүү менен кабыл алалы.
Бул жерде күйөөсүнүн алсыздыгы да түрткү болушу мүмкүн. Жакшылап карап, багып турганда балким бактылуу жашамак. Негизи эле боюнда бар аялга жакшы мамиле кылыш керек. Гормондору өзгөрүп, кыял жоруктарына да таасир берет.
+1
binur5
2018-09-08 15:46:08
Ата эненин ажырашуусунан орто жолдо балдарга эле кыйын болду эмне учун баланы дагы озу мн ол туруго аракет кылат байкуш бала .
0
nazarnew
2018-09-08 20:39:34
азыр мээси жок кыздар кобойуп кетти. бай и машинасы барларга турмушка чыгышат да алар аларды кидать этишет, анан ажырашкан сон умная болуп чыга келишет, крутойлорду тандабай эле жакшынакай орточо семьянын жигиттерине тие беришпейби, как будто тийсе жомокто жашап кете турушкандай, анан ажырашышкан сон баарын куйоолоруно шыбай башташат, анан айтып коюшат жакшы билимдуу балдар жагат дещип, в реале байлардын артынан чуркашат, кыздар озу тупица болушат деген соз бекеринен алынган эмес да.
0
Aytur
2018-09-08 23:52:54
nazarnew,Ошондой бир тупицага эле уйлоносун, омур откончо мээнди жеп отсо экен!
Тупицадан торолгон акылдуу!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан