III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жетекчиси: "Көчмөндөр оюндарынын логотиби Кыргыз өлкөсүнүн менчиги, аны эч ким өзгөртө албайт"

Көчмөндөр оюндары кайсы мамлекетте өткөрүлбөсүн анын логотиби өзгөртүлбөстөн сакталат. Бул жөнүндө бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунда болгон маалымат жыйында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Аденовдун айтымында, көчмөндөр оюндары кайсы мамлекетте өткөрүлбөсүн азыркы логотиби өзгөрүүсүз бойдон калат.

"Азыркы логотип Кыргыз өлкөсүнүн интеллектуалдык менчиги болуп эсептелет. Кийинки көчмөндөр оюндарын Түркия мамлекети өткөрөт. Бирок алар бул эн тамганы Кыргыз тараптын уруксаты менен гана колдоно алышат. Белгилеп кетүүчү негизги нерсе көчмөндөр оюндарынын логотибинин ортосундагы негизги белгини өзгөртүүгө болбойт, сыртын өзгөртө берүүгө болот", - деди Аденов.

Бүгүн, 8-сентябрь күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болот. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөрү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-09-08 18:04:15
Туура чечим,ким откорсо логотипти каалагандай озгортсо анда эмне кереги бар откоруп?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан