Москвада клубдагы жаңжалдан кийин унаа сүзүп кеткен Кыргыз жарандарынын абалы оор бойдон калууда. Жеңил жаракат алгандар ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 10-сентябрда Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Москванын Новочеркасск бульварында 9-сентябрь күнү эртең менен болгон кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Маркум А.у.А. 1997-жылы туулган, кылмышка шектүү Бекжан С. менен жаңжалга катышкан деп айтылып жатат.
Жабыркагандардын тизмеси:
Абдикарим уулу М., 1998-жылы туулган, ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу, бүгүн үйүнө чыгарылышы мүмкүн. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.
Абдрахманов Р., 1993-жылы туулган, абалы оор бойдон. Жаңжалга катышкан эмес. Ошол учурда карындашы Жеңишбекова К. менен бирге жүргөн.
Абдурасулов С., 1997-жылы туулган, абалы туруктуу, жаңжалга катышкан эмес. Ооруканадан чыгарылды.
Аманалиев Б., 1997-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.
Арстанова Н., 1988-жылы туулган. Абалы туруктуу. Эки күндөн кийин ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.
Жамшит уулу О., 1998-жыл туулган. Абалы туруктуу. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат.
Жеңишбекова К., 2001-жылы туулган. Жашы жете элек болгондуктан балдар хирургиясына жеткирилген. Абалы туруктуу. Ооруканадан чыгарылды.
Зулпиев Р., 1994-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда.
Руслан уулу М., 1996-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда.
25 жаштардагы белгисиз дагы бир адам жаракат алган. Анын аты-жөнү такталып жатат. Абалы оор бойдон калууда.
Кылмышка шектүүгө карата "эки же андан ашык адамды кооптуу жол менен өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал окуя болгон жерде эле кармалып, камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы эми каралат.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.