"Кыргыз тарапка 130 гүленчинин тизмеси өткөрүлүп берилди" делген маалымат боюнча азырынча толук маалымат берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат маалымат жыйынында билдирди.
"ФЕТӨ уюму Түркияда экстремисттик уюм деп табылган. Бул маалымат коопсуздук маселесине байланыштуу болгондуктан, зарыл болгон учурда тиешелүү органдар тарабынан коомчулукка маалымат берилип жатат. Азыркы учурда бул уюм боюнча сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосунда жүргүзүлүүдө. Андыктан Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген ФЕТӨ уюмунун 130 мүчөсү тууралуу толук маалымат бере албайм. Убагы келгенде тиешелүү органдар тарабынан баары ачыкталат", - деди түрк элчиси Женгиз Фырат.
Түрк басылмалары Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз жерине болгон иш сапары учурунда "ФЕТӨ уюмунун активдүү мүчөсү" делген 130 кишинин тизмесин Кыргыз тарапка өткөрүп бергенин жазышкан.