Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген 130 кишинин тизмесин өткөрүп берген. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тизмеге "ФЕТӨ уюмунун активдүү мүчөлөрү" делген 130 кишинин ысымы кирген. Алардын ичинен 13ү "биринчи кезекте" деп белгиленген.
Түрк журналисти Ханде Фырат бул маалымат боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
"Мен көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюмунун чыныгы жүзүн билишет дегенге ишенбейм. Айрыкча, ачыкка чыкпаган имамдар тууралуу маалыматтары бар экендигине ишенбейм. Биз бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз жана айтып түшүндүрө беребиз. Түркияда Кыргыз жериндеги "гүленчилер" уюму менен байланышы болгон 130 адамдын тизмеси бар. Ал тизме Кыргыз бийлигине өткөрүлүп берилди. Биз биринчи кезекте эң активдүү болгон 13 адамды өткөрүп алууну каалайбыз. Алардын ичинде уюмдун жетекчилери, Орто Азиядагы имамдар бар. Тизмеден "гүленчилердин" аттарын, жашаган жерин, жумуш ордун жана башка бардык маалыматтарды тапса болот", - дейт журналист.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Анда Эрдоган Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан диний аалым Фетхуллах Гүленге тиешелүү болгон "ФЕТӨ" уюмунан баш тартууга чакырган.