Балык кармап жүрүп Нарын дарыясына агып кеткен 4 жаран изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2-июлда саат 18:00 чамасында Казарман айылын кесип өтүүчү Нарын дарыясында балык кармап жүрүшкөн 5 адам сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 1 адам тирүү калып, туугандарына кабар берген. Саат 21:00 чамасында сууга агып кеткен жарандардын туугандары тарабынан 30 адам издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок жыйынтык болгон эмес. Бүгүн, 3-июлда ӨКМнын Жалал-Абад шаардык Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 киши издөө иштерин улантууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beka_89_kg
2013-07-03 13:29:38
Тынч эле болсунчу нелер болуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан