Түрк элчиси: "Ар бир интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар адам ФЕТӨ тууралуу толук маалымат ала алат"

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат түрк журналистинин "Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюму тууралуу толук маалымат жок" деген билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда элчи SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрү өздөрүн ашкере кылбоону эң жакшы өздөштүргөн адамдар экенин көпчүлүк билет. Алар ФЕТӨ ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир өлкөдө сапаттуу билим берип жаткан уюм катары пикир калыптандырышкан. Бирок Түркияда болуп өткөн окуялар биздин да, башка өлкөлөрдүн да көзүн ачты. Азыр баарыбыз өнүккөн доордо жашап жатабыз. Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар ар бир адам 2016-жылдагы Июль окуясы тууралуу толук маалымат ала алат. Кыргыз өлкөсүндө да бул окуя тууралуу маалымат бар экенин билем. Мындан ары да эки өлкө ортосунда достук-кызматташтыктын өнүгүшү менен биргеликте, келерки жылы ФЕТӨ уюму боюнча да маанилүү кадамдар жасалат деген үмүттөбүз", - деди түрк элчиси.

Түрк журналисти Ханде Фырат "Мен көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө ФЕТӨ уюмунун чыныгы жүзүн билишет дегенге ишенбейм. Биз бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз жана айтып түшүндүрө беребиз" деген билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pat12
2018-09-10 20:03:46
Чубак Жалиловду Турцияга депорт кылыш керек. Эрдоганга салып бериш керек. ФЕТОго тиешеси бар. Болбосо жаштардын мээсине (памятине) озунун диний програмаларын жуктой берип озунун роботтору катары пайдаланып жатат.
-1
Chagylgan2
2018-09-10 20:39:05
Эрдоган менен анын "куйруктары" жадатты да. Силердин ФЕТО метонор менен биздин, КЫРГЫЗДАРДЫН иши канча?!! Мага десе кундо кырылышып журо бергиле озунордо, Туркияда, бизге ысык-суугу жок...

Силердин Фетонорду интернеттен издегилей бизге пайдасы эмне?!! Озунордун саясатынарды бизге тануулабагыла, обнунарды уйунорго барып ойногула, Туркияда, биздин тынчыбызды албай...

Админ, ушул ФЕТО мето боюнча макала жазуу шарт беле?!! Бизге вообще кызыгы жок, турктордун саяса
+4
rysik79
2018-09-10 23:20:15
Улуу урматтуу биз суйгон админ. Фето деген кандай чечмеленет ? Себаттын жамаатынан сурасам биилбейм деп кутулушту
0
Aynura87
2018-09-11 02:16:44
rysik79, FETÖ fethullah gulen teror örgutu
Фетхуллах гулен терордук уюму
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан