Буга чейин Бишкек шаарында бала сатууга шектелип дарыгер-гинекологдор кармалгандыгы маалымдалган. Бул боюнча SUPER.KG'ге өздүк булактардан билдиришкендей, 2016-жылдын июль айында М.А. аттуу аял өз алдынча, мыйзамдуу эмес түрдө бала багып алууну чечет. Ага чейин анын 3 баласы чарчап калган. Балалуу болбой калуудан чочулаган М.А. бала асырып алууну көздөп жатканын айтып, Ө.Ж. аттуу тааныш гинекологуна кайрылат.
Таанышынын суранычын уккан гинеколог Э.Ч. аттуу бирге иштешкен кесиптешинен жардам сурайт. Бала сатканы үчүн мыйзам алдында жооп берерин билгени менен, Э.Ч. жаңы төрөлгөн ымыркайды жеке байланыштары аркылуу издей баштайт. Ал Т.Г. аттуу дарыгерге бала сатуу менен жакшы акча тапса болорун айтып, табууну сунуштайт. Т.Г. ымыркайды табат, бирок баланын апасы ким экени азырынча белгисиз.
Бала сатуу фактысына шектелген гинекологдор жаңы төрөлгөн баланы Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаа менен шаардын четиндеги жаңы конуштардын бирине алып барып, сатып алуучу М.А.га көрсөтүшүп, 1 миң 300 доллар сурашкан. Баланы асырап алууну көздөгөн М.А. мыйзамды бузуп жатканын билип туруп, балалуу болбой калуудан коркуп, дарыгерлердин шарттарына макул болот.
Ымыркайга делген акчаны ал Бишкектеги Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен берет. Арадан 6-7 күн өткөндөн кийин баланын абалы оорлошуп, шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, чарчап калат. Укук коргоо органдарынан корккон гинеколог Т.Г. ымыркайдын жансыз денесин белгисиз тарапка алып кетип, анын ордуна башка дени сак бала таап берерин убадалайт.
Кардарына сөз берген дарыгер 2016-жылдын 15-августунда шаардын Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине башка баланы алып келип берет. Сатып алуучу бала менен кошо анын документтерин талап кылат. Бала сатууга шектелген гинекологдор баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, ата-энеси М.А. менен анын күйөөсү экенин аныктаган докуметти тапшырган.