Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү берген көрсөтмөсүндө окуя кандай жагдайда болгонун айтып берди

ИИМ экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү катары Орусиянын Москва шаарынан кармалган Асанэмир Абыкулов аттуу жарандын көрсөтмөсүн жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө Токмок шаарында жашай турганын, бирок Москвага 2017-жылдын 11-ноябрында Өзбекстан аркылуу барганын жана окуя кандай жагдайда болгонун айтып берген. Анын көрсөтмө учурунда айткан сөзүнө караганда, шектүүлөрдүн бири Эрмек Осмонкулов мас абалда болуп, шектүү Заур Насруллаев экөөнү Улан Саляновдун үйүнө акча алып чыгуу максатында алып барган.

"Эрмек мас болуп алып "Көк-Жарга барабыз, ал жактан акча алып чыгам, ал жерде камералар жок" деди. Киргенибизде коридор сыяктуу жерде ал (Улан Салянов) диванда жаткан. Ага кирип, сүйлөшө баштадык, Эрмек тапанчаны алып ары жактагы бөлмөгө кеткен. Ал жакты коркута баштаганда Заур "токтот" деп кыйкыра баштады. Мен Улан менен сүйлөшүп жаткам. Мен "токтотуп эле салчы, тынч эле турчу, бул келесоо. Акчаны берип эле, тынч эле кетип калалычы, бул азыр атат" деп ага айттым. Бир кезде Эрмек атып салды. Кийин качтык деп кетип баратканда Эрмек сыртка чыгып баратып экинчи ирет ок чыгарып салган да", - деп көрсөтмө берген Абыкулов.

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү Заур Насруллаев да Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалганы кабарланды. Учурда шектүүлөрдү Кыргыз жерине өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп жатат.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.Осмонкулов аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Саляновду аткан "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.


Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүнүн көрсөтмөсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekmirzach
2018-09-12 15:43:29
Улан Салянов Атамбаевдин кир саясатынын эле курмандыгы. Элдин баары билет муну.
+4
Missing-u
2018-09-12 19:04:26
Тусунон бироосу дагы акчагы Зар адамдай корунбойт экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан