Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү да кармалды (сүрөт)

Экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү да кармалганын 12-сентябрда ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, ал Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иштин алкагында Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалган.

"Август айында жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө 1988-жылы туулган Заур Насруллаев аттуу шектүүнүн жашаган жери такталып, кармалган. Ал берген көрсөтмөсүндө өзүнө карата тагылган айыптарды моюнуна алды. Насруллаев Орусия жараны болуп эсептелет", - деп билдиришти ИИМден.

Ошондой эле ИИМдин маалыматы январь айында да шектүү катары 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов аттуу жаранга издөө жарыяланып, ал Орусия аймагынан кармалганын кабарлады.

Учурда шектүүлөрдү Кыргыз жерине өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп жатат.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектеги үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, анын негизинде шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.Осмонкулов аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.


кошулду
Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүүлөрдүн үчүнчүсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aitowa11
2018-09-12 14:17:07
Каяктан таап келдинер? Дагы бир байкуштарды уруп-согуп мойнуна койсонор керекта
+11
Jasa
2018-09-12 14:42:19
Чын эле ушуларбы анан,же эптеп делону жабуу болуп атабы
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан