Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген адамдардын тизмесин берген эмес. Бул тууралуу 12-сентябрдагы маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.
"Мен сиздерге расмий түрдө айта алам, Түркия тараптан кыргыз тарапка эч кандай тизме берилген эмес. Менин оюмча, 130 адамдын аты жазылган тизме кимдир бирөөлөр тарабынан ойлоп чыгарылып, кандайдыр бир резонанс жаратуу үчүн атайын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайылтылууда", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Ошондой эле ал "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү маселесине да токтолуп өттү.
“Сапат” билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүп берүү маселеси каралган жок. “Сапат” билим берүү мекемелери өз алдынча болуп, балдарыбызга билим берүүсүн улантат”, - деди Сагынбаев.
Буга чейин түрк басылмалары Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген 130 кишинин тизмесин өткөрүп бергендиги тууралуу жазып чыгышкан. Ал эми 10-сентябрда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатып "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жаткандыгын айткан.