Ош облусунда чек ара тартибин бузган деп 6 Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-сентябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Сары-Таш айылында чек ара режимин бузган Өзбекстандын 6 жараны кармалган. Чек ара кызматынын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, Өзбек жарандарынын тиешелүү документтери жок экенин аныкташкан. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык кармалган жарандарга айып пул салынган.