Депутат Талант Мамытов: "Коррупцияны жоюш үчүн буга эл өзү кызыкдар болушу керек"

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталынын "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жооп берди.

Ал коррупция менен күрөшүү бардык адамдарга тиешелүү маселе экенин айтты.

"Коррупциялык элементтерди жаратып жаткан мыйзамсыз аракеттер кызматтагы адам менен ага келген адамдын ортосунда түзүлөт. Демек, ал маселелерди жоюш үчүн, биринчиден, элибиз бул нерсеге каршы күрөшүүсү керек. Буга толук шарттар ачылган. Ар бир органда ишеним телефондору бар. Ошолорго кайрылып, пара талап кылып жатканы боюнча кайрылса болот. Мындан тышкары президенттин интернет-сайты, интернет аркылуу да кайрылып күрөшүү керек. Коррупция менен күрөшүүгө эки тарап тең кызыкдар болушу керек", - деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, журналист Нарын Айып жана Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан